Орусияда сутка ичинде коронавирустан 346 адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 16 миң 202 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 346 адам каза болсо, 12 миң 361 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 3670 (айыккандар 3577);

Санкт-Петербург - 727 (айыккандар 415);

Москва облусу - 505 (айыккандар 377);

Нижегород облусунда - 377 (айыккандар 294) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 563 миң 976 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 26 миң 935 адам каза болсо, 1 миллион 171 миң 301 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан