Санкт-Петербургдагы өрттүн айынан АКШ орустар берген жасалма дем алдыруучу аппараттардан баш тартты

АКШда Орусиядан келген жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонбой туруу чечими кабыл алынды. Бул Санкт-Петербург шаарындагы коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланып жаткан Ыйык Георгий ооруканасынан чыккан өрткө байланыштуу экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
Маалыматта АКШ коопсуздук үчүн аталган аппараттарды кайрадан Орусияга кайтарып берип жатканы айтылат.
"Апрель айынын башында Орусия Америка Кошмо Штаттарына медициналык аппараттардын партиясын жөнөткөн. Арасында Авента-M деген аталыштагы жасалма дем алдыруучу аппараттар дагы бар эле. Медициналык партия ошол маалда өзгөчө муктаж болуп жаткан Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарына берилген. Кийин коронавируска байланыштуу кырдаал турукташкандан кийин Орусия жөнөткөн жасалма дем алдыруучу аппараттар резерв катары кампаларда сакталып турган. Эми Авента-M аппаратын пайдалануу же таптакыр жарактан чыгаруу чечими Санкт-Петербург шаарындагы ооруканадан чыккан өрттүн себептерин аныктоо боюнча тергөө иштеринин жыйынтыгына жараша болот", - деп жазылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mamiev
2020-05-13 17:03:07
Бизде болгондо кабыл ала беришмек. Жардам келсе без отказ алабыз го чиркин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан