Депутат Абдывахап Нурбаев дарыгерлерге пайызсыз ипотекага үй берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Дарыгерлердин коронавируска чалдыкканына мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин эле эмес, Каржы министрлигинин дагы жоопкерчилигин киргизип коёлу. Убагында каражат бөлүнгөн эмес. Кемчиликтерди айтып койгон дарыгерлерден кечирим суратып жатасыңар. Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлерди колдошуңуз керек. Жыртык, эптемей халаттарды кийип жүрүшүп, коронавирус жуктуруп алышты", - дейт депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттө компенсация төлөө маселеси көтөрүлүп жатканын айтты.