Германияда 2 айлык карантинден соң мектептер ачылып, окуучуларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматта каникулдан келген окуучуларга алгач санитардык-гигиеналык коопсуздук тууралуу сабак өтүлүп жатканы айтылат.
"Шартка байланыштуу окуучулар мектептин ичинде мурункудай ээн-эркин басып жүрө алышпайт. Сабак учурунда жана андан тышкары тыныгуу маалында дагы балдар бири-биринен аралыкты кармап жүрүү эрежесин сакташы керек. Жаңы эрежелерди өздөштүрүү айрыкча баштапкы класстын окуучулары үчүн оор болууда. Андыктан аларга жардам берип, мугалимдер жол көрсөтүүүдө. Мындан тышкары окуучулар колдорун дезинфекциялап жана бат-баттан самын менен жууп турушат", - деп жазылат маалыматта.