5 жашар бала токойдон октолгон курал таап алып, оюнчук катары көрүп агасын өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
9-май күнү АКШнын Жоржия штатында жашаган ага-ини короодо ойноп жатып, жакын жердеги токойго барууну ойлошот. 5 жашар бала токойдон курал таап алып, тамашалашып жатып агасына мээлеп, ок чыгарып жиберген. Курал октолгон болгондуктан 12 жашар баланын көкүрөк тушуна тийген. Жараланган баланы тез арада ооруканага жеткиришкени менен бала каза болгон. Каза болгон баланын кийимдерин криминалисттерге иликтөөгө беришкен.
Жергиликтүү полиция кызматы куралды кырсык болордон бир нече саат мурда ошол райондо жүргөн эркек кишилердин тобуна тиешелүү болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Алар полиция кызматкерлерин көрүп, качып кетишкени айтылат. Алардын артынан текшерүү жүргүзүшкөндө болжолдуу психотроптук каражаттар бар баштыкты табышкан. Бирок ал учурда куралды көрүшкөн эмес. "Окуяга күнөөлүү адамдарды тапмайынча иликтөөнү токтотпойбуз", - деген жергиликтүү полиция кызматынын жетекчиси.