"Ага окшош адам болушу мүмкүн". Ким Чен Ын кайрадан эл алдына чыкпай калды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кайра эл алдына чыкпай калды. Акыркы жолу лидер коомдук иш-чарага 2-майда катышкан. Ким Чен Ындын эл алдына чыкпай калгандыгы тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Балким ал чындыгында фабриканын ачылышындагы лентаны кескендир. Бирок биз бул сүрөттөрдүн аныктыгын текшере албайбыз", - деп билдирген АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен.

Америкалык басылмалардын билдиришинче, Ким Чен Ындын 2-майда жер семирткичтер заводунун ачылышына барган сүрөтү лидердин өзү эмес, ага окшош адам болушу мүмкүн.

Эске салсак, 21-апрелде Ким Чен Ын өзүнө жасалган операциядан кийин катуу ооруп жатышы мүмкүн экендиги кабарланган. Ошондой эле кичүү карындашы Ким Ё Чжон өлкөнүн жаңы лидери болуп калышы мүмкүн экендиги айтылган. Бирок 2-майда Түндүк Корея лидери жер семирткичтер заводунун ачылышына барган сүрөтү тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-05-14 09:42:13
Одним диктаторам станет меньше надеюсь...Ким Чен Ын ходь жив,ходь умер,бедные Корейцы.Следующей прездент ХХХХ будеть.
0
akmanai
2020-05-14 22:55:09
Алдын ала козу ачыктык кыла бербесенер. Чын эле тируу болсо Ким Чен Ын менен мындан кийинки мамиленерге колоко тушот. Анан дагы аныгын билбей эле олду деп божомолдой беруу адамгерчилике жатпайт. Башкага олум тилегиче, озуно омур тиле делет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан