Испанияда жүргөн орусиялык ырчы Наталья Ветлицкая коронавируска шектелүүдө. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
Бир апта мурун Наталья ооруп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлү токтобой койгон. "Кечээ кечинде ооруканага бардым, анткени жөтөлөйүн деп аба жутсам, демим кысылып кетти" деген ырчы. Артисттин канынан анализ алып, өпкөсүн рентгенге тартышканда жыйынтыгы жакшы чыккан.
Бирок дарыгерлер ал коронавирус менен ооруган же оорубаганын так айта алышкан эмес. Кагазга "ошол вирус болушу мүмкүн" деп жазып беришти дейт Ветлицкая. Дарыгерлер ырчыны үйүнө жөнөтүп, дене табы көтөрүлгөндө парацетамол ичип туруусун сунушташкан. Ошондой эле ырчынын абалынан кабар алып турушарын билдиришкен.