Ошко Екатеринбургдан Кыргыз жарандары кайтып келишти

Кечээ, 31-июлда Ошко Екатеринбургдан «Урал авиалиниялары» ААКнын чартердик каттамы менен мекенине 239 Кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аталган каттам менен Ошко Орусияда окуган студенттер, Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Магнитогорск, Салехард, Ханты-Мансийск, Жаңы Уренгой, Курган жана Пермде жашап, кайтып келүүгө муктаж болгон жарандар учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал авиалиниялары» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Урал федералдык округунда жашаган жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан