UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдун абалы оор. Бул тууралуу мушкердин жакын досу, дагы бир UFC мушкери Ислам Махачев орусиялык басылмаларга билдирген.
"Ал Москвада. Абалы оор", - деп билдирген Махачев.
Махачевдин билдиришинче, Абдулманап Нурмагомедов аскер госпиталында комада жатат жана ага эч кимге кирүүгө уруксат бербей жатышат.
Абдулманап Нурмагомедов 26-апрелде пневмонияга шектелип, ооруканага түшкөн жана анын абалы туруктуу деп бааланган. Буга чейин атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовдун атасы ооруп жаткандыгына байланыштуу колдоого алган.