Монголияда пандемия башталгандан бери сутка ичинде коронавирус менен ооругандардын рекорддук саны катталды

Монголияда сутка ичинде 19 адамдан коронавирус аныкталып, ооругандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оору аныкталган 19 адамдын ичинен 18и Орусиядан учуп келген аскер окуу жайларынын курсанттары. Ал эми бир адам да чет элден келген жаран.

Кечээ, 13-майда Монголияга Орусиядан 347 курсант мекенине кайтып келген.

Муну менен Монголияда жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 61ге жетти. Алардын ичинен 15 адам сакайып чыкты. Илдеттен көз жумгандар жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kanybek1986
2020-05-14 10:26:44
Рекорддук корсоткуч деп жазса ойлопмун 10000 адам жуктургангооо
+2
akmanai
2020-05-14 22:49:28
19адам Монголиянын озундо буга чейин сутка ичинде вирус жуккан адамдардын санына салыштырмалуу рекорд. Ошондо Монголия вируска каршы эн натыйжалуу курош жургузо алды деп билсек болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан