Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 102 болду. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары – 51;
Чүй облусу – 11;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 16;
Баткен облусу – 17.
Муну менен бүгүнкү күнгө карата республиканын медициналык жайларында 378 бейтап дарылануусун улантса, 466 бейтап амбулатордук дарыланууда жатат.
Кыргыз жергесинде коронавирус инфекциясы катталган күндөн тарта жалпы 183 миң 404 адам жабыркап, анын 178 миң 332си айыкты.