Катар жана Кувейттен 107 Кыргыз жараны алып келинди

Бишкекке Катар жана Кувейттен 107 Кыргыз жараны чартердик каттам менен алып келинди. Эль-Кувейт – Доха – Бишкек багыты менен келген учак 14-майда саат 03:30 чамасында "Манас" аэропортуна конуу жасады. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыздар менен кошо Казакстандын 31 жараны дагы келген.

"Бүгүн өлкөгө Кувейт жана Катардан 208 жаран алып келинди. Анын 31и Казак жарандары. Коңшу өлкөнүн өкүлдөрү жарандарын "Манас" аэропортунан тосуп алышып, атайын транспорт менен өлкөдөн чыгарып кетишти.

Ал эми 107 Кыргыз жараны обсервацияга алынды. Бул аба каттамы Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылды", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2020-05-14 12:21:06
Ал жактагы мигранттарды нафиг алып келишет, россиядагылар кыйналып атышса, байдын балдары да ошого.
+2
Suzak12
2020-05-14 12:21:22
Алып келгенинер жакшы бирок менде ушундай ой кети ал жактан байлар же ак уйго жакын адамдарбы деген эгер силерда ошентип ойлосонор + койгулачы королу.
+5
Siren90
2020-05-14 12:45:59
208 жаран келсе 31 казактар экен кетти, 107 си обсервацияга алынса калганычы 70 и не болду
0
Ananaska
2020-05-14 12:47:22
Чет жерде жургон студенттерден деле кабар алып койгулачы, бар болгурлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан