Кытай бийлиги коронавирустун белгилерин жашырган жарандар өлүм жазасына тартыларын эскертти

Кытай бийлиги дене табы бар же жөтөлүп жаткан адамдарды коомдук транспортторго түшүүгө тыюу салды. Тактап айтканда, автобуска, поездге жана учакка түшкөнгө болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ошондой эле кытай бийлиги кимде ким коронавирустун белгилерин жашыра турган болсо, ал өлүм жазасына тартыларын эскертти. Мындай чечимди кечээ, 15-февралда кытайдын сот бийлиги чыгарды.

"Кимде ким коронавирус тууралуу маалыматты бурмаласа же саякаттап келгенин жашырса кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгерде вирусту жуктуруп алганын билип, бирок башкаларга дагы таратса ал дагы жоопкерчиликке тартылат. Тактап айтканда, 10 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат. Ошондой эле эпидемиялык оору чыккан жерден майрамдардан кийин үйлөрүнө кайтып келип жаткан бардык жарандарга 14 күндүк карантин жарыяланат. Кимде ким бул шартты бузган болсо ал жаран дагы жоопкерчиликке тартылат", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuban-1207
2020-02-16 17:59:04
Туура
+5
bond02
2020-02-16 18:06:48
Кытайда жашаган адам жоопко тартылат деп койбоптур бир жолу эле.
+7
maksymtegin
2020-02-16 18:13:06
Кудайга шугур кыргыз болуп калганыма!биздин мекен сонун!
+8
katerina.li
2020-02-16 18:38:01
maksymtegin,кудай сактасын де,вирус келбесин дейли. Табалабагыла
+6
mirkaa5182
2020-02-16 21:45:32
Тууру чечим чыгарыптыр, кудай сактасын антип катуу чара көрбөсө болбой калды.
+3
Baktyluumun98
2020-02-17 00:27:15
Корона вирустун белгилерин жашырса олум жазасына тартылат дейт. Вирус жуккан киши ансыз деле олот да. Же, ватсаптан келип аткан видео чын окшойт. Маскачан врачтар бироолорду аткылап атышкан.
+6
Jasi.jasi
2020-02-17 17:23:41
Baktyluumun98,барыбир олот да,деген менен ал адам башкаларга да жуктуруп атпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан