Шри-Ланкада өлгөн коңуздар чөнтөгүнөн табылган Орусиянын жараны 40 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Шри-Ланкада полиция кызматы Орусиянын жараны Александр Игнатенкону өлгөн коңуздарды уурдагандыгы үчүн кармады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Улуттук сейил бактан 30 мүнөткө кеч чыккан жаранды тинтүү учурунда анда өлгөн коңуздар табылган.

"Ал өлкөнүн мыйзамдарын билбеши мүмкүн, ошондой эле анда табылган коңуздар аны мынча жылга эркинен ажыратууга себеп болбошу керек", - деп билдирген Игнатенконун кесиптештери.

Ал эми биологдун айтымында, Игнатенкодо табылган коңуздардын "Buprestidae" түрүндөгүлөрүн гана ондогон долларга сатууга мүмкүн. Бирок аларды сатуу үчүн атайын документтер керектелет, аларды мыйзамсыз жол менен сатуу мүмкүн эмес. Мындан улам Игнатенко өлкөнүн мыйзамдарын билбестен жана коңуздарды өзү үчүн гана чогултканын билсе болот.

Азыркы тапта Александр Игнатенконун жакындары анын укуктарын коргоо үчүн консулдукка кайрылышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kubatbek1974
2020-05-14 11:37:42
Коңузуң менен куруп кал ошого элеби
+2
Arai92
2020-05-14 12:18:12
Тан калыштуу. Олгон конуздун не пайдасы бар?
0
Evroset.Evroset.
2020-05-14 13:34:06
Arai92,мага да тушунксуз,олгон конуздарды эмне учун пайдаланат?
-1
AMIR_ASAMIDINOV
2020-05-14 12:58:28
"Мумиядагы" конуздар окшойт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан