Англиянын тургуну 5 айлык ымыркайын сүрөткө тартып, кичинекей нерсеге маани берип, рак оорусунан аман алып калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Англиянын Кент графтыгындагы Дувр шаарында жашаган 26 жаштагы Шелби Симкинс кызын жаңы төрөлгөндөн тартып эстелик болот деп көп сүрөткө тартчу. Кызы Дела-Роуз 5 айлык болгондо телефондун жарыгы менен тартылган сүрөтүн карап, көзү башкача болуп жатканын байкайт. Шектенүүгө кызынын тубаса көзү чалыр болуп төрөлгөнү да түрткү болгон. Кызын көз доктуруна көрсөткөндө, ретинобластома - көздүн торчосунун шишиги диагнозун коюшкан.
Шишик чоң болгондуктан ымыркайдын сол көзүн толугу менен алып салууга туура келген. Операция 2019-жылы күзүндө жасалып, алынган көзүнүн ордуна убактылуу жасалма көз коюшкан. Бактыга жараша, рак экинчи көзүнө өткөн эмес. Февраль айында Дела-Роуздун көзүнө кадимки көздөн айырмаланбаган куюлган жасалма көз коюшкан. Аны аптасына бир жолу алып, самындап жууп, кайра салып туруу керек болот.
Жакында Дела-Роуз биринчи туулган күнүн белгилеп, коронавируска байланыштуу жеке майрамына көп туугандары келе албай калган.