Тажикстандан келген 10 адамдын ичинен 2 жарандан коронавирус аныкталганы айтылды

Тажикстандан келген 10 адамдын ичинен 2 жарандан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Биздин облуста Тажикстан менен "Кара-Мык" жана "Бор-Дөбө" өткөрмө бекеттери чектешет. Экөөндө тең обсервацияга ылайык шарттар бар. Акыркы мезгилде бизге "Кара-Мыктан" 10 адам гана өткөн. Алар биздин жарандар. Тажикстанга иштери менен барып келгендер экен. Алардын баарын обсервацияга жаткырдык. Келгендердин арасынан экөөнүн анализинен вирус аныкталды. Алар дароо изоляцияга алынып, Кара-Суудагы Курманжан Датка ооруканасына жаткырылды. Калган сегиз адамдан дагы бир ирет анализ алынат. Алардын жыйынтыгы таза чыкса, өздөрү жашаган Чүй өрөөнүнө үй карантинине чыгарылат", - дейт Узарбек Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zhoro
2020-05-14 16:09:22
Эмнеге москвадан барса болбойт?
0
kurman911
2020-05-14 19:55:39
Эмнеге келет тажикистандан адам?????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан