Сейилдөөгө чыккан кош бойлуу аял көчөдө төрөдү

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын жашоочусу көчөдө, элдин көзүнчө көз жарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү Чэнь аттуу кош бойлуу айым таанышы менен көчөгө сейилдегени чыккан. Күтүлбөгөн жерден анын толгоосу башталып, көчөдө эл алдында көз жарган. Бул окуя видеокамерага түшүп, коомчулукка тарап кеткен. Видеодон көчөдө жүргөн адамдар аялды курчап, жерге түшкөн баланы одеялого ороп койгонун көрүүгө болот.

"Ымыркайдын эриндери карамтыл болгонун көрүп коркуп кеттим. Дароо колума ала коюп, бир нече жолу чапкылап жибердим, ошондо гана кызара түшүп, бакырды. Балам ыйлагандан кийин анын абалына коркунуч жок экендигин түшүндүм", - деген Чэнь.

Учурда эне-бала ооруканадан чыгарылып, абалдары жакшы экендиги айтылат.

Кытайда кош бойлуу аял көчөдө төрөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baatirbek81
2020-05-14 16:13:51
Басып баратып эле куйюлуп калганго!
+1
Gulya78
2020-05-14 16:43:08
Бул кытайлар неле тез көбөйөт десе толготпой эле ХХХХ баратып эле түшүп калатко укмуш 2 күн толготуп нары барып бери келип төрөйбүзго
+3
Paprikafm
2020-05-14 22:05:55
Gulya78,менда ошону жазайын дедим эле, эмнеге кобойот десе, кой туугандай эле тууп койот экенда
0
JaneEr
2020-05-14 16:45:23
Кытай жонундо коргум да уккум да жок
+5
mela
2020-05-15 11:25:14
JaneEr,вирустан кийин тем более да?)))) пландын баарын олтурушту. Карызга батырып кишини.
+1
mela
2020-05-15 11:24:10
Менин эжем да толготпойт. Таптакыр сезбей торойт. 3-баласын кочодо мороженое жеп журуп,башы чыгып калганда роддомго жеткен. Бутун которсо эле тушуп калат баласы деп тамашалайбыз. Врачтар айтат. Мындай ото опасно деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан