"Эркектер жадакалса мурдунан мазок алдырткандан коркушат" дейт санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда иштеген адис (маек)

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери күн-түн дебей эмгек кылган, азыркынын баатырлары болгон ак халатчандарга дүйнө жүзүндөгү элдер өз ыраазычылыктарын билдирүүдө. Дал ушул медициналык кызматкерлер өз жанын тобокелге салып, элдин саламаттыгына кам көрүп жаткан кези.

Жаш болсо да өз ишин мыкты билген, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адиси Алина Сырдыбаева менен убакыт таап, азын-оолак маек курдук.

- Саламатсызбы! Алгач убакыт таап, бизге маек бергенге макул болгонуңузга рахмат!

- Чындыгында илдет өлкөбүзгө келгенден бери тыным албай иштеп жатабыз, башында кичине кыйналып жаттык эле, андан соң күнү-түнү иштегенге көнүп деле калдык окшойт.

- Коронавирус илдети өлкөдө алгачкы жолу катталган учурда кандай кабыл алдыңыздар?

- Коронавирус илдети өлкөбүздө алгачкы жолу аныкталгыча эле бизде жумуш кызуу жүрүп жаткан. Көп сандап чет элден келген адамдар обсервацияга алынган, алардан анализ алып жаттык. Ал эми алгачкы жолу бизге жетекчибиз эртең мененки чогулушта түндө ПЦР-анализ аркылуу бир адамдан коронавирус аныкталганын айтты. Кичине коркуу сезими пайда болду, бирок ошол учурда эле вирусолог катары дагы да ооругандар аныкталарын, жумуш көп болорун билдим.

- Вирустун өлкөдө жайылып кетишине эмне себеп болду? Адис катары оюңуз?

- Көп чет элдик вирусологдордун, окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрү бул вирустун бир өзгөчөлүгүн аныкташты. Коронавирустун феноменалдуулугу бул анын өтө бат жукканында. Вирустун жайылып кетпешине эң негизгиси өкмөт же медицина кызматкерлери эмес, ар бир жаран өзү кызыкдар болушу керек. Ошондо гана аны чектөөгө алуу мүмкүн. Ар бир жаран жоопкерчиликти сезип, эрежелерди сакташы зарыл.

Обсервациядан качып, анализ тапшыруудан баш тарткан жарандар болууда. Менин оюмча, алар бул вирустун олуттуулугун сезишкен жок. Айрымдары вирусту бар экенине дагы деле ишенишкен жок. Буга бирден бир себеп кээ бир бейтаптарда коронавирус эч кандай белгисиз өткөнүндө болуп жатса керек деп ойлойм. Бирок алар вирустун алып жүрүүчүсү катары жанындагыларга коркунуч туудурарын кабыл алгылары келген жок.

- Үй-бүлөңүз ишиңизге кандай карады?

- Өзүм турмушка чыга элекмин, шаарда байкемдин үй-бүлөсү менен бирге жашайм. Ал эми ата-энем Ысык-Көлдө жашайт. Үйдө кичинекей балдар бар болгондуктан, аларга вирусту жугузуп алам го деп коркуп алгачкы күндөрү үйгө барбай жүрдүм.

Андан соң жумушта жатып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, 1 ай ошол жакта жашадым. Үйдөгүлөр дайыма мени колдоп турушат. Башында алар менен сүйлөшкөнгө да убакыт болбой жаткан, азыр кичине болсо да убакыт таап абалдарын сурап турам. Апам сарсанаа болуп өзүмө сак болуумду суранат дайыма. Бирок бул менин жумушум экенин түшүнөт.

- Сиздин мындай кооптуу жерде иштегениңизди билген жакындарыңыз сизден качкан жокпу?

- Көпчүлүгү түшүнүү менен кабыл алышты. Мага болгон мамилелери өзгөргөн жок. Өзгөчө абал кире элек учурда курбу кыздар болуп жолугалы деп сүйлөшүп калганда айрымдары "келе албайм" деп калса, менден качып жаткандай жаман болуп жүрдүм. Бир чети алардын кооптонуп жатканын түшүнсөм, бир чети таарынып жаттым.

- Сиз анализ алган адамдардан коронавирус аныкталган учурлар болдубу?

- Ар бир адамдан анализ алып жатканда бардык коопсуздук эрежелерин сактаган учурда деле коркуу сезими болот. Ооба, биз мобилдик топ менен барып анализ алып келген көп эле адамдардан коронавирус аныкталды. Биз эрежелерге ылайык өзүбүз да тест тапшырып турабыз. Буга чейин 3 жолу тест тапшырдым, үчөө тең терс жыйынтыкты көрсөттү.

- Жумуш учурунда ар кандай кызыктуу окуялар болот эмеспи, ошолордон айта кетсеңиз.

- Өзгөчө абал режиминде иштеп жүрүп, аял кишилер көтөрүмдү чыдамдуу болоруна дагы бир жолу ынандым. Анткени тестке адамдын мурдунан мазок алуу керек. Эркек бейтаптар атайын каражатты мурдуна сала баштаганда эле чыдабай, баштарын ала качышат. Алгач жөн отуруп берүүсүн өтүнөсүң, эгерде укпаса башынан кармап туруп алууга туура келет. Чоң эле кишилердин мындай баланыкындай кылыктарына бир четинен күлкүң келет. Албетте, бардыгы андай эмес, бирок көпчүлүгү. Ал эми айымдар жөн эле отуруп беришет, алардан анализ алуу оңой.

- Сизде мекендештерибизге кайрылууга мүмкүнчүлүк бар...

- Азыркы болуп жаткан абалга жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жакындардын жана өзүңүздүн саламаттыгыңыздарды караңыздар. Атайын чектөөлөрдү, эрежелерди сактап, илдеттен эрте кутулалы.

- Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2020-05-14 15:35:07
Мазок эмес укол алгандан корком
+3
Bekish-
2020-05-17 07:01:45
Tyty1990,мен дагы
+1
Nursul
2020-05-17 10:06:23
Мазокгу неси не болот ал
+1
Bale
2020-05-17 23:49:07
Nursul,мурдуна ичке палочка тыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан