Минскте өткөн парадда көп медалдары менен байкалып, интернет колдонуучулардын тепкисине калган бийкеч тууралуу маалымат жарыяланды

Пандемияга карабастан Беларусь өлкөсүнүн борбору Минск шаарында 9-майга карата аскер парады орун алганы маалым. Парад учурунда тартылган 1 сүрөт көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, интернет колдонуучулар андагы жаш кыз мынча медалды каяктан алган жана алар чындап эле өзүнүкүбү деген суроо салышып, көптөгөн божомолдорду айтышкан. Мындан сырткары ар кандай сүрөттөрдү жасаганга да жетишкен.

Сүрөттөгү кыздын аты Екатерина Алексеева. Ал өлкөнүн Эл аралык аскерий кызматташтык департаментинин офицери. Майор чининде. Ал мектепти да, жогорку окуу жайын да алтын медаль менен аяктаган.

Сулуу бийкеч курал-жарактарды көзөмөлдө жаатында адис. Ал чет өлкөлөргө жумушу менен көп чыгат жана француз, англис, испан тилдеринде эркин сүйлөйт.

Анын формасындагы медалдардын көбү аскер кызматкерлерине белгилүү салтанаттарда берилүүчү медалдар. Мындан сырткары анын 3-даражадагы "Эң мыкты кызмат" үчүн медалы бар. Мындай медаль менен аскер жаатында 10 жыл мыкты кызмат кылган офицерлер сыйланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-05-14 19:57:37
Азамат!
+2
001KG
2020-05-14 21:09:44
Акчаң болсо жаш эле туруп медал эмес, чин должностторду смело аласыңда.
-2
Saidochka
2020-05-14 21:38:57
Генералдын сүйгөну болсо керек да
0
katerina.li
2020-05-15 09:57:08
Жаман ой эркектерден чыгат дайым. Силер ушинтип офицер болуп алгылачы кыйын болсонор. Колунардан ХХХХ келбейт
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан