Хабиб Нурмагомедовдун атасынын жүрөгүнө операция жасалды

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедовдун досу Рамазан Рабаданов билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Абдулманап Нурмагомедовдун жүрөгүнө операция жасалды. Ал буга чейин Германияда дарыланып келген. Ага эмне болгонун эч ким билбейт. Анын диагнозу жөнүндө так айта албайм. Инсульт же инфаркт болушу мүмкүн",- деп билдирген Рабаданов.

Абдулманап Нурмагомедов Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bek-94
2020-05-14 20:02:54
Аллахым шыпасын берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан