Бүгүн, 15-майда Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 14-бейтап коронавирустан каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
"Маркум бүгүн, 15-майда каза болду. Ал 55 жаштагы эркек киши. Ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагнозу коюлган. Андан тышкары, маркумдун өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган", - деди Үсөнбаев.
Муну менен каза болгондордун саны жалпы 14кө жетти.