Италиянын "Lamborghini" компаниясынын өндүрүш ишканаларынын кээ бир бөлүктөрү коронавируска каршы күрөшүү үчүн эми медициналык бет каптарды тигип баштайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Стефано Доменикали италиялык басылмаларга билдирген.
"Биз ушундай өзгөчө кырдаал учурунда коронавируска каршы күрөшүү үчүн өз салымыбызды кошушубуз керек. Биз чогуу күрөшсөк, бирге жеңишке жетебиз", - деген башкы директор.
Италия учурда коронавирус жуктургандардан АКШдан кийин экинчи орунда турат. Бул мамлекетте 105 миң 792 адам коронавирус жуктуруп алган жана бул оорудан 12 миң 428 адам каза болду.