Бүгүн, 6-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов менен Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев онлайн маалымат жыйын беришти.
Жыйында айыл чарба жана башка продукцияларды экспорттоо маселеси боюнча суроо узатылды.
"Экспортко чыгаруучу ишканаларды колдоо биздин негизги милдеттердин бири. Бизде экспортко эң көп чыгуучу продукциялар бул - цемент жана көмүр. Цементти 1-майдан баштап коңшу Өзбекстанга жөнөтө башташмак. Учурда бул жаатта анча-мынча маселе жаралып жатыптыр. Ошондуктан биз коңшулар менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жыйынтыгында цементти экспорттоону жолго салабыз деп ишенем. Ал эми көмүрдү сыртка чыгаруу боюнча эч кандай маселе жок. Ал экспорттолуп жатат. Айыл чарба продукцияларынан гилас, бал, коон жана этти экспорттоо боюнча Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунун ишкерлеринен сунуштар келип түштү. Бул маселелерди видео конференция аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, жакынкы арада чечкени жатабыз", - деди Ахмаджан Махаммадов.