Орусияда космостогу таштандыны тазалай турган аппарат иштелип чыгат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган долбоорду каржылоону "Аэронет" компаниясы алат.
Иштелип чыга турган аппарат таштандыдан сырткары орбитадагы спутниктерди тейлейт. Роботту иштеп чыгуу ушул жылы башталат. Алгач иш тобуна буксирдин 3 авандолбоорун иштеп чыгуу үчүн 75 миң доллар керектелет.
Эгер аппарат иштелип чыкса, ал өз жаатында жогорку эффективдүү электрореактивдүү кыймылдаткычы бар алгачкы аппарат болот.