"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос дүйнөдөгү алгачкы долларлык триллионер болуп калышы мүмкүн

Бизнес изилдөөчү адистердин айтымында, "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос дүйнөдөгү алгачкы долларлык триллионер болуп калышы мүмкүн.
Пандемия учурунда кирешелери көбөйүп, байып жаткан Безос мындай көрсөткүчкө 2026-жылы жетет. Ал учурда ишкер 62 жашка чыгат. Азыркы тапта анын байлыгы 144 миллиард долларга бааланган.
"Amazon" компаниясынын акциялары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө киргизилген чектөөлөрдөн улам көбөйгөн онлайн-сатып алуулардын натыйжасында кымбаттаган. Бирок пандемия аяктаган соң алар түшүп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Безостун артынан триллион долларлык чекке кытайлык Сюй Цзяинь жетиши мүмкүн, анын байлыгы 2027-жылга көбөйөт. Ал эми үчилтикти Жек Ма аяктайт ал жогоруда айтылган чекке 2030-жылы жетет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан