Тынч океанга балык уулоого кеткен 2 адам 42 күндөн кийин аман-эсен табылды

АКШнын Маршалл аралында дээрлик бир жарым ай мурун дайынсыз жоголгон балыкчылар табылды. Алар Тынч океанында 42 күндүн ичинде 1 миң 600 чакырым жүрүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 3 балыкчы 2-апрелде Ибай аралынан балык уулоого жөнөп кетишкен. Балык уулоо учурунда катуу шамал болгондуктан алардын кайыгынын мотору иштебей калып, багытын жоготкон. Алар кайтып келбегендиктен издөө иштери башталган.

Алар АКШнын аскер кызматкерлери жана Маршалл аралынын деңиз патрулдары тарабынан издөөгө алынышкан. Жоголгон кишилердин кайыгы 14-май күнү эртең менен Намолук аралынын жээгинен табылды. Кайыкта эки гана балыкчы болгон, үчүнчүсү эмне болгону азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mrbektur
2020-05-15 16:48:46
Силер дагы жазасыңарда үчүнчүсүн билип анан жазбаймыгарбы.
0
bond02
2020-05-15 17:34:22
Учунчусун жеп коюшса керек да.
+3
Baktyluumun98
2020-05-15 19:38:26
Кино
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан