Депутат июнь айынан тарта бала бакчалар ишке кириши керектигин айтты

Депутат Сайдулла Нышанов июнь айынан тарта бала бакчалар ишке кириши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Бала бакчаларды качан ачабыз? Мисалы көп кызматкерлер иштеп башташты. Алардын балдарына кыйын. Санитардык нормаларды текшерип, бала бакчанын кызматкерлерин текшертип, май айынын соңунда же июнда ачыш керек. Бала бакчага барган балдардын ой жүгүртүүсү башкача болуп, үйдөн кыйналып калат экен. Жумушта дагы кызматкерлер балдарын ойлоп, жыйынтык болбой калат. Европада бала бакчаларды ачып башташты", - дейт Сайдулла Нышанов.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: "Бала бакча, негизи эле билим берүү мекемелеринин июндун башында ачууну пландаштырып жатканбыз. Бул маселе эпидемиялык абал туруктуу болсо каралат. Сунуш эске алынат", - дейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2020-05-15 15:52:53
Ойду-тоону сүйлөбөй туруп турсаң Сайдулла брат. Абалды көрүп туруп эле гаң-гүң деп койдуң да.
0
Milduri
2020-05-15 16:52:03
Ооба ачыш керек, шаарда, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган балдарга кыйын болду, же сыртка чыгып ойной алышпаса, же паркка жаратылышка чыга алышпаса, алар да ойногусу келетта, күнү-түнү төрт дубалды тиктеп отура бербейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан