Кытайлык аял эгиз балдарын эки башка атадан төрөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кытайда жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоого алууда ДНК тест кадимки процедура катары жүргүзүлөт. Аты аталбаган жаран эгиз балдарынын тестинин жыйынтыгын көрүп нес болгон. Ымыркайлардын тестинин жыйынтыгы аталарынын эки башка экендигин тастыктаган. Мындан улам анын жубайы жолдошунан башка дагы бир эркек менен катнашта болгону аныкталган.
Эгиздердин эки башка атадан төрөлүшү - адамдарда сейрек кездешүүчү көрүнүш. Пекин Чжунчжэн соттук-идентификациялык борборунун директору Дэн Яцзюнь мындай көрүнүш 10 миллиондун арасынан 1өөнө туш келиши мүмкүн деп билдирген. "Эгиздеринин эки башка атадан төрөлүүсү үчүн энеде бир айда бир энелик жумуртканын ордуна эки энелик жумуртка болушу керек. Экинчиден, аял кыска мөөнөттө эки башка адам менен катнашта болуусу керек", - деген.
Суперфекундация деп аталган бул көрүнүш көбүнчө мышык, ит, уй жана кемирүүчү жаныбарларда көп кездешет.