Франция Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнора Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берди.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каражат Өзбекстандын мамлекеттик казынасына которулуп берилген жана негиздүү иштерге жумшалат. Мындан сырткары Гүлнора Каримова карактаган башка каражаттарды да чет мамлекеттерден өлкөгө кайтаруу иштери учурда кызуу жүрүүдө.
Анда негизги басым Каримованын дагы 1 миллиард 3 миллион доллар каражатына жасалып жатат.
Өзбекстандын башкы прокуратурасы Гүлнора Каримовага карата кылмыш ишин эл аралык компаниялардын даттануусунун негизинде козгогон. Буга чейин прокуратура Каримовага 2015-жылы августта “опузалоо”, “акча уурдоо” жана “салык төлөөдөн качуу” беренелери боюнча айып коюп, беш жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Каримовага дагы “алдамчылык”, “чет өлкөлүк валютаны жашыруу”, “бажы мыйзамдарын бузуу” жана “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо” беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, ал жалпысынан 13 жыл 4 айга камакта кала турганы айтылган. Ал эми ушул жылдын 25-февралда интернет айдыңында Гүлнора Каримованын өлкөнүн азыркы президенти Шавкат Мирзийоевге жазган каты пайда болгон.
Анда ал Шавкат Мирзийоевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуштаган.
Каримова биринчи абактан экинчи абакка которулганы, жаңы ачылган кылмыш иштери жана бул иштер Өзбекстандын Баш мыйзамы менен Жазык процессуалдык кодексин одоно бурмалоо аркылуу жүзөөгө ашырылып жатканы тууралуу жазган.
Бул жазалар жана балдарын көп жылдан бери көрбөгөнү анын жанына батканынан улам Каримова өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин 686 миллион долларга сатып алууга даяр экендигин айтып, президент Мирзийоевге өтүнүч келтирген.