Кытайда коронавируска каршы изилдөөдөн өтүп жаткан 5 вакцина жакшы жыйынтык берип жатканы айтылды

Кытайлык окумуштуулар коронавируска каршы колдонула турган 5 вакцинаны изилдөөдөн өткөрүшүп, ага 2 жарым миңдей каалоочулар катышты. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, изилдөөдө колдонулган 5 вакцина тең дары-дармек, тамак-аштарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик башкармалыгы тарабынан жактырылган.

"Учурда вакциналар клиникалык текшерүүдөн өтүп, бейтаптын ден соолугуна коопсуз экени тастыкталды. Вакцинаны колдонгондордо антитела пайда болду. Азыркы тапта бул каражаттардын эффективдүүлүгүнө баа берилүүдө. Изилдөөгө катышкандардын арасында вакцина боюнча азырынча арыздануулар каттала элек. Эгер текшерүүдөн өтүп жаткан вакциналар ушундай жыйынтык берсе, анда июль айында экинчи клиникалык изилдөө ийгиликтүү деп аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-05-16 09:37:45
Тезирээк Аллах бизге ырайым кылып вакцина колдонууга чыксын.
+3
-BOSS-
2020-05-16 09:57:03
Элди бир сүйүндүрүп коюп жок болуп кетишеби булар дагы.
+3
Aika1988
2020-05-16 10:38:07
Козумон жаш чыгып Кетти суйунгонумон.Аллахым колдоп ушул вакцина жакшы жыйынтык берип ушул вирус жок болсунчу.Жанылык окуп жатып вирус катталбаса экен бугун деп калдым..Оо жаратканым пенделеринди кечире кор ушул сыноодон куткара кор.
+4
nurgaz
2020-05-16 14:08:04
Жок вируска кайдагы вакцина
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан