Орусияда 12-17 жаштагы өспүрүмдөр үчүн COVID-19 вакцинасын колдонууга уруксат берилди. Бул тууралуу Гамалея эпидемиология жана микробиология илимий борборунун жетекчисинин орун басары Денис Логуновго шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.
"Бүгүнкү күндө Спутник вакцинасынын балдарга арналган түрүнө колдонууга уруксат алынды, вакцина каттоодон өттү", - деген Логунов.
Орусиянын Саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы Алексей Кузнецовдун айтымында, өспүрүмдөрдү эмдөө ыктыярдуу түрдө жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт.