Грецияда ишемби күнү 30 градус ысыктан улам, эки ай мурун коронавирус пандемиясынын айынан жабылган пляждар жаңы шарттарда иштешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Өлкөнүн өкмөтүнүн айтымында, пляждардын ачылышы туризмди жандандырууга даярдыктын сынагы болот.
14-мартта премьер-министр коронавирус пандемиясына байланыштуу пляждардын бардыгын жабууну буйрук кылган. 4-майдан баштап бир катар чектөөлөр акырындык менен жокко чыгарылып, пляждар жабык бойдон калып, ал эми 1-июндан тартып деңизде сүзүүгө уруксат берилген.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Стелиос Петас пляждардын ачылышы ички жана тышкы туризмди жандандыруу үчүн “паспорт” болорун айткан.
"Айрым эрежелер болот, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынат. Бул биз ийгиликтүү өтүшүбүз керек болгон маанилүү сынак. Бүткүл дүйнө Грецияны карап жатат, анткени бүгүнкү күнгө чейин пандемияга үлгүлүү мамилесин көрсөттү", - деди ал.