Министрлик: "Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун ар бир бешинчиси ооруканага кеч кайрылган"

Өлкөдө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун ар бир бешинчиси медициналык жардамга кеч кайрылгандар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Мадамин Каратаев маалымат жыйында билдирди.

"Биз жүргүзгөн анализге ылайык, өлүмдүн 20 пайызы ооруканага жаткандан кийинки биринчи же экинчи күнү болгон. Бул бейтаптардын кеч кайрылгандыгын же медициналык жардамды өз убагында ала алышпагандыгын билдирет", - деди ал.

Ошондой эле министрликтин өкүлү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Март айынан бери коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан жалпы 1 миң 37 адам каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
chyrok
2020-07-20 11:52:44
Кеч кайрылган деп коюшат.Барсан жакшы эле экенсин деп кетирип атышса,же кайда барарын билбей журушсо
+7
Bakytbek88
2020-07-20 12:00:19
Кеч кайрылган деп элди куноолоп койгону кантет.
+4
nurali1989
2020-07-20 12:00:22
Больницага барсан кабыл алышпайтат, скорый чакырдык чалып алып да коюшпады. Тун жаримда такси издеп таап барсак кабыл албады деп айтып жатышат го. Оорлошкондо келгиле деп
+5
Taalaibek.
2020-07-20 12:14:54
Министирлик, мурун эле ойгонуп дары дармектерди алып берип койгонсуп сулойсундор да. Озунор мурун кайда журдунор эле? Куноонорду мойнунарга алып суйлосондор боло. "Уурусу кучту болсо, ээсин доого жыгат" болбой. Окмоттун уяты жок экен, Кандай болсо дагы жаныбызда журо бергилечи, карапайым элди куноолоп.
+3
Bars88
2020-07-20 12:15:39
Баары эле элди куноолойт оздору таптаза.Башында карантин кылды элди чыкпа деди 2 ай уйдон эч жакка чыкпадык ошондо жакшы караш керек эле.Озу гимн туура жазылган экен ...оз тагдырын колунда деп эл бар экен бири бирине жардам берип эле чыдап атабыз.Ошондо да топтолгон акчаларды жеп ийишти чимкириктер
+2
Bakytbek88
2020-07-20 12:55:17
Бугунку статистиканы карасак олум аз болду жакшы жака кетип жатат деп айтканы менен маселени чече албай жатат. Дары дармек гум помощь аркылуу келсе Бекер бериш керек эле. Аптекаларга таратат деп айтып атканын окуп тан калбайт экенсин. Акыркы убакта Бишкекте статистиканы карасак азайган болушу мумкун. Эми даяр болушубуз керек айыл жериндегилер. Даярбыз деген менен мындан 2-3 мурун Бишкек деле даярбыз деп жар салганыбыз эмне ахвалга алып келгени кейитет
+2
Mamajanovna77
2020-07-20 13:08:57
Түнкү статционарда врачтар жок деп кабыл алышпаган видео жүрөт. Ооруп оор ахыбалда баргандарды кислородный апаратка жаткызбай.министр келип көрө элек деп.адамюар өлүп атышты го. Далилдер толтура болсо деле актана беришет экен да. Бул күндөр да өтөөр.жакындарын жоготуп алгандардын каргышы.бейкүнөө өлгөн адамдардын убалы урат го чоңдорду.азыр жашооңор жырнал.200.300 миңден алып аткандырсыңар. Бирок кийинкилигиңер кыйын гоо. Өзүңөр тартпасаңар бала чакаңар тартып калат азабын...
+3
Rakyl12
2020-07-20 14:29:43
Барсан албай жатса чокуна кеч кайрылабы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан