Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 24 дарыгери коронавирус жуктурган

7-июнда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 24 дарыгер коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 5өө дарыгер, 11и медайым, 8и санитарка.

Буга чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирусту жуктурган медицина кызматкерлери бар экендиги кабарланган.

Жугуштуу ооруларды ооруканадан азайтуу жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында, Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы №6 шаардык клиникалык оорукананын, Улуттук фтизиатрия борборунун жана Кыргыз-Түрк ооруканасынын базасында COVID-19 диагнозу бар бейтаптарды кабыл алуу үчүн иштетип баштаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан