Түндүк Кореядагы оорукананын курулушу учурунда Корей согушунда жарылбай калган бомбалар табылды

Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарындагы оорукананын курулушунда куруучулар Корей согушунун ондогон бомбаларын табышкан. Бул тууралуу Орусиянын Түндүк Кореядагы элчилиги чет элдик басылмаларга билдирген.

"Жакында Пхеньян шаарындагы көп тармактуу оорукананын курулуш иштери жүрүп жаткан жерде пайдубал чуңкурун казып жатканда, Корей согушунун маалында душмандар тарабынан ондогон жарылбай калган бомбалар табылып, элди таң калтырды", - деп билдирген элчиликтен.

Элчиликтин билдиришинче, бардыгы болуп 50 атылбай калган ок-дарылар, бомбалар жана анын ичинде салмагы 50 килограмм жана 250 килограмм болгон 2 бомба табылган.

Эске салсак, Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы согуш 1950-жылдын 25-июнунан, 1953-жылдын 27-июлуна чейин созулган. Бул согушта Пхеньян тарапта СССР менен Кытай, Сеул тарапта АКШ жана Европа өлкөлөрү согушкан. АКШ бул согуштан 36 миңге жакын аскерин жоготкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан