Францияда учак ички каттамдагы эң узак учууну жасап, рекорд койду

Франциянын "French bee" авиакомпаниясы "Airbus A350-900" учагы менен Таити аралынан Париж шаарына чейин 16 миң 129 чакырымды (16 саат, 49 мүнөт) басып өтүп, эң узак ички каттамды аткарды. Муну менен аталган авиакомпания эң узак ички каттамды аткаргандардын ичинен рекорд жаңылаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учкучтар орточо эсеп менен 12 миң 500 метр бийиктикте саатына 940 чакырым ылдамдыкта учуп келишкен. Рекордду жараткан учкучтар 20 тонна дары ташып келишкен.

Буга чейин март айында "Air Tahiti" авиакомпаниясы Француз Полинезиясынан Парижге эң узак учууну жасаган. Анда учкучтар 15 миң 715 чакырым (16 саат, 30 мүнөт) учуп, рекорд койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
algakaray
2020-05-17 11:10:28
Молодец
0
bazar
2020-05-18 06:23:41
Гаити аралынан эмес бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан