Казакстанда бир суткада 307 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
"Өткөн суткада Казакстанда 307 адам вирус жуктурган. Өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 6157ге жетти. Анын арасынан 273 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылса, 34 адам каза болду", - деп жазылат маалыматта.