17-майда өлкөгө Орусиядан мекендештерди алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулду. Ага кичинекей балдарым менен илине албай калдым, колумда билеттерибиз дагы бар деп окурман редакциябызга кайрылды.
Айтымында, анын 4 жарым жана 2 жарым жаштагы балдары бар. Буга чейин чет өлкөдөн алып келүүдө эң биринчи кары-картаңдарга, ден соолугу начарларга, кош бойлууларга жана кичинекей баласы барларга көңүл бөлүнүп, ушул категорияга кирген жарандар биринчи алып келинери айтылган.
Бул кайрылуу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине байланышканыбызда, жүргүнчүлөрдүн тизмесин атайын түзүлгөн комиссия чечет дейт.
"17-майга уюштурулган чартердик каттам менен Бишкекке кимдер кетери тууралуу тизме түзүлдү. Тизмеде кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары барлар, ден соолугу начарлар жана улгайган адамдар бар. Учак 400 орунга ылайыкташкан "Аэрофлот" компаниясына таандык.
Өлкөгө кайтабыз деп кайрылган жарандар аябай көп. Мындан улам талаш-тартыш болбосун деп атайын комиссия түзгөнбүз. Анда диаспоранын жана штабдын өкүлдөрү бар. Сиздерге кайрылган жаран бул каттамга илинбей калды окшойт. Анткени кайрылуулардын саны миңден ашып кеткен", - дейт элчиликтин маалымат кызматынан.