Жардамга муктаж жарандар Социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылышса болот

Мамлекеттин камкордугуна алынган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан жеке ассистенттерге, тоголок жетимдерге, өтө жакыр жашаган, азык-түлүккө муктаж болгон жарандарга ун, антисептиктер жана бет каптар таркатылды.

Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өкмөт үйүндө өтүп жаткан онлайн жыйын учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Айтымында, ундун 5 тоннасы күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине берилген.

"Биздин тизмеде катталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 96 миң. Алар азык-түлүк жардамына муктаж. Азыр көптөгөн адамдар жумушсуз калганын түшүнөбүз, алар дагы бизге кайрылышса болот жана 1227 номери аркылуу социалдык-психологиялык жардам алса болот", - деди Ализа Солтонбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
abusait
2020-04-01 18:48:43
Уйдон чыга албай отурганда силердин эшигинерге кантип жетебиз????
0
DanilAylin
2020-04-01 23:16:04
abusait,1227 номерине чалсаныздар болот экен
0
mira77
2020-04-01 23:19:16
1227 номерине чалсак трубканы эчким албайтвтго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан