Президент менен биринчи вице-премьер экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелерин талкуулашты

Бүгүн, 18-майда президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелери талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын белгиледи. Нарын облусунда оорураак абал байкалууда.

Анын маалыматы боюнча, Нарын облусуна медициналык адистердин кошумча тобу жөнөтүлдү.

Кубатбек Боронов ошондой эле көпчүлүк региондордо жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда. Дээрлик күн сайын чет жактан оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда.

Мурда Соль-Илецк шаарынан келген Кыргыз өлкөсүнүн беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.

Биринчи вице-премьер-министр үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Мындан сырткары Кубатбек Боронов азыркы тапта ушул жылдын 21-майынан тарта объекттерди үчүнчү этап менен ишке киргизүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. Ал санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандарга карата катуу чаралар көрүлүп жатканын, бир катар мекемелер талаптарды аткарбагандыгы үчүн жабылгандыгын кошумчалады.

Президент өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Обсервацияларда жаткан жана үй карантининдеги жарандардын карантиндик-эпидемиологиялык эрежелерди сакташына көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы жарандардын өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилигин, санитардык-гигиеналык ченемдерин, анын ичинде коомдук жайларда бет кап тагынуу режимин сактоосун дагы бир жолу айтты.

Сооронбай Жээнбеков ишмердүүлүгүн жандандырган ишканалардын зарыл болгон талаптарды сактоосуна да көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилөө менен уюмдардын, ишканалардын жетекчилеринин өздөрүнүн кызматкерлеринин ден соолугу жана коопсуздугундагы, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалдагы ролун баса белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан