Финляндиялык окумуштуулар иттердин COVID-19 инфекциясын жытына карап аныктай аларын изилдеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай жаңы изилдөөнү Хельсинки университетинин окумуштуулары аныкташты. Алар биринчилерден болуп медициналык иттерди бейтаптарга айрым диагнозду коюуга үйрөтүп, ошондой эле коронавирусту аныктоого машыктырышкан. Бир нече аптадан кийин иттер коронавирус менен ооруган адамды заарасынан айырмалай башташкан.
"Биз бир нече ооруну аныктоо үчүн иттерди пайдаланып келебиз. Иттердин коронавирус инфекциясына тийиштүү жытты аныктоону бат үйрөнүп алганы биз үчүн кубанычтуу кабар", - деген Хельсинки университетинин окумуштуус Анна Хельм-Брёкман. Окумуштуулардын айтымында, иттердин коронавирусту аныктоосу тест менен бирдей эле жыйынтык берүүдө.
COVID-19 иттер үчүн кооптуубу?
Хельсинки университетинин изилдөөсүнүн жыйынтыгы жаныбарлар менен иштеген башка адистер үчүн да маанилүү болууда. Учурда Улуу Британия, Францияда да иттерди коронавирусту массалык түрдө аныктоо үчүн колдонууну пландашууда. "Азырынча инфекция менен ооругандардан анализ алуу процедурасы башка адамдарга, жаныбарларга коркунуч келтиреби толук аныктала элек", - дейт адистердин бири Лука Барет.
Учурда коронавирусту аныктоого үйрөтүлгөн иттерди клиникаларда гана эмес, аэропорттордо да колдонууну пландашууда. Үйрөтүлгөн иттер учуп келген жүргүнчүлөрдүн алгачкы текшерүүдөн өткөрүшөт. Алар кимдир-бирөөлөрдү бөлүп көрсөтсө, ошол адамдарды тандап, алардан тест алынат.