Кытайдагы 4 чоң чөлдүн бири болгон Му-Усту жергиликтүү тургундар оазиске айлантышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жалпы аянты 42 миң 200 чарчы чакырымды ээлеген чөлдө мурун дарактар жок, кум сапырылып турчу. Ал жактагы кум аралашкан шамалдан улам жакын жайгашкан Юйлинь шаары 3 жолу түштүккө жылдырылган. 1959-жылы көчүп-конгондон тажаган жергиликтүү тургундар кум аралашкан шамалды токтотуу үчүн чөлгө дарактарды отургузуп башташкан. Көп жылдык эмгек жашыл аймакты 400 чакырымга чейин кеңейткен.
"Эгер биз аракетибизди уланта берсек, калган 30 миң гектар аянттагы кумдуу дөбөлөр жоголот", - дейт Шэньси провинциясынын токой бюросунун башчысы Дан Шуанжэнь.
1950-жылдары Юйлинь шаарында 0,9 пайыз токой болсо, учурда токойдун аянты 33 пайызга жеткен.
Азыркы күндө коронавирус пандемиясынан улам кетирген убакытты толуктоо үчүн жергиликтүү тургундар жапа тырмак ишке киришкен. Алар май айынын аягына чейин 400 гектар аянтка дарак отургузууну пландашууда.