Лас-Вегаста пандемиядан сактануу үчүн бункер 18 миллион долларга сатылууда

"Avon" компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Жирард Хендерсондун бункери сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бункер 18 миллион долларга бааланууда. Аймагы 15 миң чарчы метр болгон "Акыр кыямат сарайы" 1978-жылы салынган. Ошол маалда көпчүлүк америкалыктар Советтер Союзу менен ядерлик согуш болот деп ойлошкон.

Бункердин ээси анын жасалгаланышына 70-жылдардагы эң кымбат буюмдарды колдонгон. Ал өзү жана үй-бүлөсү үчүн жер алдында болсо да мыкты жашоону каалаган. Үйдүн ичинде 5 уктоочу бөлмө, ашкана, кинозал, эс алуу үчүн бир нече жай, ойноочу бөлмө бар. Ар бир бөлмөгө өзүнүн жуунуучу бөлмөсү дагы каралган.

Үйдө көмөкчү генератор жана 4 миң 500 литр сууга эсептелген резервуар бар. Жогоруда аталган баага үй тиричилиги жана кароолчунун 1 жылдык кызматы кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiba.8327
2020-05-19 13:56:25
Мен алам 17 ге болобу.....
0
titanik32
2020-05-19 15:32:19
Кәми барбы,тушот бекен билгендер жазгылачы?
+1
SakeTOKMOK
2020-05-19 23:15:59
Эмнесин жасаш керек экен? Болушу канча экен?))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан