"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 803 миң 416га жетти

29-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 803 миң 416га жетти. Анын арасынан 2 миллион 413 миң 576 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 359 миң 791 адам көз жумду.

АКШда 1 миллион 720 миң 613 адам катталды. Андан 399 миң 991 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 101 миң 573 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 438 миң 238 адам илдетти жуктурган. Оорудан 177 миң 604 адам айыкса, каза болгондордун саны 26 миң 754кө жетти.

Орусияда 379 миң 51 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 150 миң 604 бейтап сакайып, 4 миң 142 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан