Улуу Британияда катталган коронавирустун жаңы түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жетти

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 5-январга карата белгиленген. Учурда вирустун жаңы түрү дагы да жайылып жатат.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erkinay.s.
2021-01-06 10:07:00
Кудай сактасын
+8
Elfaju
2021-01-07 08:48:58
Улуу Британия деп Ким айтты Улуулук Аллахка таандык жон эле Британия деп жазгыла Биз деле Улуу Кыргызстан деп эчким айткан жери жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан