АКШда коронавирус пандемиясынын айынан жумушсуздук боюнча жаңы жөлөк пулдарды сураган жарандардын саны бир аптада 5 миллион 200 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эмгек министрлиги билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Бул өлкөдө акыркы төрт аптада жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга арыз бергендердин саны 21 миллион адамдан ашкан. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мурда төрт апта ичинде жумушсуздук боюнча жөлөк пул алуу үчүн кайрылган адамдардын эң көп саны 1982-жылы катталган. Анда 2 миллион 700 миңден ашуун адам жөлөк пул боюнча кайрылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 640 миң 14 адам коронавирус жуктурган. 31 миң 2 адам каза болсо, 52 миң 772 адам айыгып чыкты.