Кытайда жигити менен араздашкан кыз мурунку жигитинин үйүнө бир тонна пиязды жөнөттүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чао аттуу кыз бир жыл сүйлөшкөн жигити аны таштап койгондон кийин катуу депрессияга кабылган. Экөөнүн эки айрым жолго түшкөнүнө жигитинин көп деле капаланбаганын билген ал ачуусун чыгаруунун жаңы ыкмасын тапкан. Чао 1 тонна пиязды буюртма кылып, мурунку жигитинин дарегине жөнөткөн. Пиязга кошо "Мен 3 күн ыйладым, эми сенин кезегиң" деген жазуу калтырган. Өзгөчө "белекти" жеткирип барган курьер үй ээси менен байланыша албай 4 сааттан ашуун жүктү түшүргөн.
Кийинчерээк Чао жергиликтүү басылмага пиязды мурунку жигитин ыйлаганга жеткирет деген үмүт менен жөнөткөнүн айткан.