Кроссовки, панама, сумка... Буюмдарды элестеткен гүл идиштер чыкты

"Bodega Rose" аттуу дизайн студиясы өзгөчө гүл идиштерди чыгарып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Студия өзгөчө стилдеги, Nike, Prada жана Louis Vuitton бренддерине тиешелүү кийимдердин формасында гүл идиштерди, вазаларды чыгарып баштады. Идиштердин баары ак керамикадан жасалган. Буюмдардын эскизинде жасалган идиштерге формасына жараша гүлдөрдү отургузса же салып койсо болот. Мисалы, кроссовкини элестеткен идишке кактус же суккуленттерди отургузса же вазаларга орточо көлөмдөгү гүлдөр салып койсо, куп жарашып калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан