"Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелүүдө". Украинанын мурунку президентине карата кылмыш иши козголду

Украинанын генералдык прокуратурасы өлкөнүн мурунку президенти Пётр Порошенкого карата иш козгоду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта Порошенко "мамлекеттик чыккынчылык" жана "бийликтен кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча шектелип жатканы айтылат.

"Украинанын мурунку президентине карата иш, анын АКШнын мурунку вице-президенти Жозеф Байден жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен сүйлөшкөн аудио жазуусу тарап кеткенден кийин ачылган.

Телефондук сүйлөшүүлөрдүн аудиосун Жогорку Раданын депутаты Андрей Деркач маалымат жыйындардын биринде жарыялаган. Анын айтуусунда, 2015-2016-жылдары үчөө Киевге 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражат берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Бул үчүн АКШнын өкүлдөрү "Burisma" компаниясынын ишинин схемаларын сактап калууну жана ошол кездеги прокурор Виктор Шокинди кызматынан алууну суранышкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
001KG
2020-05-20 22:08:02
Анан?
+1
katerina.li
2020-05-20 22:42:12
Украина президента кереги эмне бизге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан