Орусияда кассасы жана сатуучусу жок дүкөндү тестирлөөдөн өткөрө башташты. Анда кардарларды тейлөө компьютердик систем аркылуу ишке ашат. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
"Дүкөндөн керектүү буюмду же азыкты сатып алуу үчүн атайын тиркеме жүктөө керек. Бирок кардар бул системди ишке киргизип жаткан банктын төлөм картасынын алып жүрүүчүсү болуп катталышы зарыл. Бардык операцияларды аткаргандан кийин, кардар дүкөнгө бара берсе болот. Анын кире беришиндеги системге киргенде берилген QR-кодду көрсөтүп, текшерүүдөн өтөт. Соода кылгандан кийин акча төлөм картасынан автоматтык түрдө алынат. Дистанциялык дүкөн Москва шаарынан бизнес борбору аталган Москва-Ситиде жайгашкан", - деп жазылат маалыматта.